34 жаштагы жаран 14 жаштагы өгөй кызын зордуктоого шектелүүдө

  • 2 года мурун

34 жаштагы жаран 14 жаштагы өгөй кызын зордуктоого шектелүүдө. Бул тууралуу «ПолитКлиника» медиасына Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-майда Сокулук РИИБине 1971-жылы туулган М.Ч. кайрылган. Ал өз арызында бир тууган жээнинин кызын өз өгөй атасы бир нече жылдан бери зордуктоого алып жүргөнүнүн айтып чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин (зордуктоо) негизинде, кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

«Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө арыз ээсин түшүндүрмө берип, 1986-жылы туулган Б.А. аттуу жээни, 3-майда жашы жете элек кызын май айындагы эс алуу күндөрүнө таштап кеткендигин айтып, ал кыздын жүрүм-турумунан байкап сурамжылоого алган учурунда ал көп жылдар бою өгөй атасы тарабынан зордуктоого алынып жүргөнүн айткандыгын түшүндүргөн.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан ички иштер бөлүмүнө 1987-жылы туулган С.А. алынып келинип, сурак учурунда жыныстык катнашка кыздын өзүнүн макулдугу менен болгонун билдирип, ал өз күнөөсүн мойнуна алган.

Кийинчерээк бул кылмышка шектүү катары аталган жаран милиция кызматкерлери тарабынан Сокулук районунун ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди», — деп жазылат маалыматта.

Учурда милиция кызматкерлери тарабынан бардык керектүү экспертизалар дайындалып, иликтөө жүргүзүлүп, сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты