Митингчилер сот адилеттигин талап кылышты

Митингчилер сот адилеттигин талап кылыштыБүгүн, 5-мартта, Соттор күнүндө саясатчылар, укук коргоочулар, жалпы жарандар соттордун адилеттигин талап кылып митингге чыгышты.

Рита Карасартова: “Биз жыйынтыкты талап кылабыз”

Митингчилер адегенде Жогорку соттун алдына чогулушту. Жарандык активист Рита Карасартова коррупцияга байланыштуу бир топ орчундуу иштер токтоп турганын белгиледи. Жабык орган болгон Улуттук мамлекеттик коопсуздук кызматына эң оор, кызматтык тергөө жасала турган материалдардын баарын, коррупция менен күрөшүүнү берип койгонун журналисттерге  айтты:

— Коррупцияны ачык-айкындуулук гана жеңет. Саясий орчундуу жана кыйноо-тепкиге алынып жаткан  иштерди алар жабык деп коюп жатышат. Жабык сотто эмне болуп жатканын биз көзөмөлгө ала албай жатабыз. Биздин биринчи кадамыбыз ушул — президенттин коррупцияга каршы турган сөзүн колдойбуз. Бирок сөздүн артынан иш, жыйынтыкты талап кылабыз. Орчундуу, ЖЭБге кредит берүү сыяктуу орчундуу маселелердин тегерегиндеги адамдарды жазага тартпаса, анда бул куру сөз болуп калмакчы , — деди.

Андан ары ал жогору жактын буйрутмаларын аткарган соттордун тизмеси түзүлгөнүн айтты.

—Жогорку сот—бул эң жогорку инстанция. Анда соттук териштирүүлөргө чекит коюлат.  Соттор кеңеши аркылуу тандалып жаткан талапкерлердин арасында саясий буйрутмаларды аткарган соттор да бар, -деди  Р. Карасартова.

26 жылда митингчилер биринчи жолу президентти колдоду

Митингчилер сот адилеттигин талап кылыштыМитингди ачкан Рита Карасартова 5-март—Соттордун кесиптик майрамы экенин  белгилеп, 8-февралда Президент Сооронбай Жээнбеков “коррупция менен күрөшүүгө саясий эрким жетет” деп айтып чыкканда биздин канатыбыз,  үмүт пайда болуп, президенттин демилгесин колдоп жатабыз деди. “Биз дагы коррупциядан жүдөдүк, тажадык. Коррупция качан токтойт деген маселени коюп, ачуу чындыкты  айта турган убак келди. Жогорку сотто алты жаңы кызматкер тандалып жатат. Биз саясий буйрутма аткарып, адилетсиз сотторду четке кагышын талап кылабыз” деди.

Жарандык активист Калича Умуралиева “биз үй алдындагы жерибиз, үлүштүк жерибиз үчүн, жертөлөлөрүбүз менен  чатырларыбыз үчүн соттошуп жатабыз. Биринчи жана экинчи инстанциядагы соттон өтүп, Жогорку сотко жеткенде, алар чечимдердин баарын четке кагып салып жатат” деп,  Жогорку Сотто өзүм билемдиктин өкүм сүрүп жатканын айтты.

Журналист Рина Приживойт “26 жылда биринчи жолу президентти колдоп, митингге чыгып жатабыз. Президент конституциялык кеңешме чакырып, бийликтин тең салмагын сакташ керек. Президентке айрым полномочиесин кайтарып, айрым полномочиесин премьер-министрден алыш керек. Анткени премьердин бийлиги чексиз болуп кетти. Биздин турмушубуздагы бардык жамандык, көйгөй соттордун адилетсиздигинен болуп жатат. Ошондуктан сот системасы түп тамырынан өзгөртүлүшү керек. Айрыкча резонанстуу иштер кайрадан тергелсин.   Биринчи кезекте биздин саясий туткундар түрмөдөн бошотулушу керек, анын ичинде Өмүрбек Текебаев. Жогорку Кеңеш алардын соттолгонун алыш керек, аны Жогорку Кеңеш депутаттарынын катарына кайра кошуш керек. “Боинг” самолетунун кулашын кайра карап чыгыш керек. Текебаев дал ошол иш үчүн соттолуп отурат. Бизнес өкүлдөрүн кыйратып жаткан соттор да кайрадан каралып чыксын” деп айтты.

“Коррупцияга малынган соттор кетсин!“

Митингчилер сот адилеттигин талап кылыштыМитингге чогулгандар “Коррупцияга малынган соттор кетсин!” деп кыйкырып жатышты.

Чыгып сүйлөгөн Мавлян Аскарбеков соттордон, Улуттук коопсуздук кызматынан жабыркагандар бул жакка чогулуп олтурганын билдирди. Президенттин коррупционерлерге каршы күрөшүн эл колдоп жатат” деди.

Чолпон Жакупова кайдыгер эмес адамдар бул митингге чыкканын айтып, “Сотторго –уят!” деп кыйкырды. “Мен бул митингге шаардыктар көп чогулат дегем. Бизди ушул кышта үшүтүп чыгышты. Бүгүн коррупциялашкан, мыйзамды сактабаган соттор системасына каршы турабыз. Биз алар акыйкат болмоюн, митингдер менен жүрүштөргө чыга беребиз” деп айтты. “Кийинки жолу бизди колдогондор көп болот. Биз сынбайбыз деди Чолпон Жакупова.

“Аркарова кетсин! Воронцова кетсин! Эрнис уулу кетсин!”  деп Чолпон Жакупова кыйкырганда митингге чыккандар коштоп кыйкырып турушту.

Клара Сооронкулова “Атамбаев бийликке келгенде сот реформасын жүргүзөм деп убада берген. Бирок сот реформасы болгон жок. Сот реформасынын негизги көрсөткүчү- элдин сотторго болгон ишеними. Бирок сотко ишенесиңерби?” деди элге кайрылды.

–Жок, -дешти эл.

Андан ары сөзүн улап,  “Сотторду жаңы мекемелерге олтургузду.  Алар 40-50 миң сом айлык алышат. Биз адилетсиздикти багып жатабыз. Силер ошолорго макулсуңарбы?” деп суроо салды.

–Жок! –деди эл.

“Биз азыр болуп жаткан иштерге кийлигишпесек, соттор экинчи мөөнөткө шайланат. Ошону менен эч нерсе өзгөрбөйт. Президент Жээнбеков берген убадасын аткарсын!  Аткара турган болсо, президент Жээнбековду биз да колдойбуз!  Жогорку Сотко 6 адам  өтүп жатат. Бирок көпчүлүгү коррупцияга баткандар, Жунушбаев Сыдыкбек деген Соттор кеңешин жетектеп турган адам, кылмыш кылган соттордун баарын жоопкерчиликтен качырып, ал эми адилеттүү чечим чыгарган сотторду сот системасынан куугунтуктап айдап жатат.   Жогорудагыдай адилетсиз соттор Жогорку сотко келет. Акыркы, даттанууга жатпаган чечимдерди чыгарат. Кыргыздар адилеттүүлүккө чоң маани берип келген. Адилеттүүлүк—бул биздин улуттук баалуулугубуз” деди Клара Сооронкулова.

Эсиңиздерге сала кетсек, Жогорку соттордун талапкерлеринин арасында  Бишкек шаарынын  Октябрь райондук соту Кымбат Архарова жана Бишкек шаардык соту Ирина Воронцова да бар.   Алар Өмүрбек Текебаевдин, Аида Салянова, журналисттер Дина Маслова, Нарын Айып ж.б. соттук иштерин адилетсиз алып барышкан.

Митингге чыккандар Жогорку Сот имаратынан Ак үйгө барышты.

Митингдин катышуучулары адилетсиз, буйрутма менен иш жүргүзгөн соттордун тизмесин түзүп чыгышты жана элге жарыя кылышты.

Айгүл Бакеева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты