Аида Салянованы депутаттык мандатынан ажыратышты

Аида Салянованы депутаттык мандатынан ажыратыштыБорбордук шайлоо комиссиясы  Аида Салянованы соттун өкүмүнүн негизинде 3-мартта Жогорку Кеңештин депутаттык мандатынан мөөнөтүнөн мурда ажыратты. 

БШК жыйынында анын 10 мүчөсү Аида Салянованы мандатынан ажыратууга макулдугун беришсе, Гүлнара Журабаева менен Атыр Абдрахматова каршы болгон. Көпчүлүк добуш менен Салянованы депутаттык мандатынан ажыратуу чечими кабыл алынды.

Гулнара Журабаева бул чечим мыйзамсыз экенин, эгер сот  Аида Салянованын жаш баласына байланыштуу жаза өтөө мөөнөтүн 12 жылга жылдырса, анын мандаты да 12 жылдан кийин алынышы керектиги белгилейт.

Аида Салянова депутаттык мандатынан ажыратылса, анын ордуна кийинки  талапкер Гүлнара -Клара Самат келээри болжолдонууда. Гүлнара- Клара Самат аттуу жаңы ысымдуу саясатчы, аты-жөнүн өзгөртүп алган мурдагы БШК төрайымы Клара Саматовна Кабилова. Ал кезинде Максим Бакиев коркутуп жатат деп өлкөдөн качып кетип, кийин кайтып келген.

Аида Салянова өзүнүн депутаттык мандаты алынарын болжолдоп, Бишкек шаардык соту өкүмдү угузгандан кийин айткан эле:

—Депутаттык мандат мага өзүнчө абал, өзүнчө статус эмес, элдин көйгөйүн жеткирип турган трибуна. Эгер мени депутаттык мандатымдан ажыратса деле  ушул эле жумуштарымды аткара бермекчимин, -деген.

Бишкек шаарынын Ленин райондук соту кызмат абалынан кыянат пайдаланган деген айып коюп, үй-мүлкүн конфискациялоо менен  Салянованы 5 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгаргандыгы белгилүү болгон. Анын баласынын жаш экенине байланыштуу, жаза аткаруу мөөнөтү  12 жыл кийинкиге жылдырылган.  Бишкек шаардык соту бул өкүмдү күчүндө  калтыргандыгы маалым.

Салянова ЖКда өзү катышкан акыркы жыйында, депутаттар менен коштошуп жатып, соттордун коррупциялашканын баса белгилеп кетти:

—Коррупциялашкан, өз позициясы жок, күн карама соттор менен өлкөнүн келечеги жок. Мыйзам да, күбөлөр  да мен тарапта болгонуна карабастан,  сот укуктук эмес, саясий чечим чыгарды.  Бүгүн прокуратура, сот жана Улуттук коопсуздук мамлеккттик кызматы уюшуп алып иш алып барууда. Сот системасы менен прокуратуранын уюшуп иштеп жатканы – бул саясий бандитизм, -деген эле Аида Салянова.

Саляновага өкүм чыккандан кийин экс-президент Роза Отунбаева  президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдогондугу маалым. Кайрылууда Роза Отунбаева мындай деп билдирген:

“Аида Салянова 2010-жылы мыйзамды кыйшаюсуз сактап, Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узартып берген, узартпай коюуга анын мыйзамдык укугу жок эле. Ошол эле кезде Салянова башкы прокурор болуп турганда Елисеевге кылмыш иши козголгон, анын башчылыгы алдында прокурорлор соттордо ага каршы өзгөчө оор беренелер боюнча айып тагып келишкен.

Аида Салянованы адвокаттык лицензия берген деп айыптоо — акылга сыйбаган жорук.  Андан дагы Елисеев лицензия берилгенден үч жылдан кийин айыпталып жатпайбы! Ошол эле Салянова юстиция министринен башкы прокурор болуп дайындалгандан кийин Елисеевдин үстүнөн болгон кылмыш иши аягына чыккан. Андан дагы ушул өкүмдүн негизинде “Альфа Телекомдун” (MegaCom) жүз пайыздык үлүшү мамлекеттин менчигине кайтарылып берилди.

Салянованын адвокаттары сотто анын күнөөсү жоктугуна байланыштуу гана эмес, сот процессинин акылга сыйбай тургандыгы тууралуу көптөгөн далилдерди берди” деген Роза Отунбаева кайрылууда.

Бирок сот ишти калыс карабай жатат деген көптөгөн пикирлерге, жактоочулардын далилдерине карабастан, Аида Саляновага Бишкек шаардык соту жгорудагыдай өкүмдү күчүндө калтырды.Эми БШК Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык мандатынан ажыратты.

Ал эми Аида Саляновага Бишкек шаардык сотунда өкүм чыгарган судья Ирина Воронцова бул күндөрү Сотторду тандоо кеңеши тарабынан Жогорку Соттун судьялыгына  тандалууда. Ушул сыяктуу көрүнүштөр—коомчулукта сотторго болгон нааразылыкты барган сайын курчутууда.

Айгүл Бакеева           

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты