Роза Отунбаева: “КСДП каалаганын жасап жатат, ага атаандаш күч түзүү керек”

Роза Отунбаева: “КСДП каалаганын жасап жатат, ага атаандаш күч түзүү керек”Бүгүн, 2-мартта, жарандык коом өкүлдөрү уюштурган  тегерек столдо Роза Отунбаева  КСДПга атаандаш күч түзүү керектигин белгиледи.

—Сот реформасы керек, аны башкача реформа кылышыбыз керек деп жатабыз. Биздин оюбузда идеяларыбыз барбы? Сот реформасын башкача кантип жасайбыз?   План, программаларыбыз барбы, аларды кандайча жасайбыз дегендей топ түзүп иштешибиз керек. Туура изин алып, штрих болсо да жазып, ошону бийликке тартуулагандай болуш керек.

Коопсуздук Кеңешинде президент Сооронбай Жээнбеков Атамбаевдин учурунда саясий атаандаштык түзүлдү, эми экономикалык атаандаштык түзөлү дегендей  айтты. Саясий атаандаштык жокко эсе бүгүн. Саясий майданды бир партия ээлеп турат, билгенин жасап жатат. Биз бүгүн азыркы КСДП, анын клон-партиялары жасаган иштерди сынга алып жатабыз. 2020-жылга карата күчтүү саясий күч түзүлүшү керек. Аны жакшылап “бышырыш” керек. Бул үчүн сүйлөшүп, өз позициябызды тактап, бир ойго келүүбүз зарыл.

Бугүнкү күндүн чакырыктарын эле айтпай, 5-10 жылдан кийин каякка барабыз деп айтышыбыз керек, -деди экс-президент Роза Отунбаева.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты