ТИМ Тенгиз Сыдыковдун кармалышын комментарийледи

ТИМ Тенгиз Сыдыковдун кармалышын комментарийледиКР Тышкы иштер министрлиги АКШда КР жараны, 1989-жылы туулган Тенгиз Сыдыковдун Чеченстанга курал жаракты контрабандалоо боюнча кармалышын комментарийледи.  

КР Тышкы иштер министрлиги  2018-жылдын 1-мартында Кыргыз Республикасынын АКШдагы жана Канададагы элчилигине АКШнын укук коргоо органдары тарабынан КР жараны Тенгиз Сыдыковду куралды эл аралык контрабандалоого  шектүү катары кармалгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөндүгүн билдирип, буга чейин ЖМКда жарыяланган маалыматты  ырастады.  1-марттагы соттук угууда Тенгиз Сыдыков  үй камагына чыгарылган.

Виржиниянын Чыгыш округунун прокуратурасынын маалыматы боюнча,  28 жаштагы Тенгиз Сыдыков жана 27 жаштагы Эльдар Резванов 27-февралда ок атуучу курал менен соода кылууга, контрабандага ж.б. тартип бузууларга шектүү катары кармалган.

АКШнын Ички коопсузук министрлигинин тергөөчүсү Майкл Гручаштын  айыптоочу документтерине караганда, кармалгандарга чет өлкөлүк банктан акчаны “Глюк” тапанчасына жана Калашников автоматына кошумча деталдарды алуу максатында которушкан. Алар ашкана буюмдары катары Чеченстанга куралды мыйзамсыз  жөнөтүүгө аракет кылган деп айыпталууда.

Кармалгандардын экинчиси камакта калган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты