Аскер комиссарларынын жасалма “ооганчылары”

Аскер комиссарларынын жасалма “ооганчылары”Аскер комиссарлары  пособие алуу үчүн 46 жасалма “ооганчы” жасап, мамлекетке 23 млн 700 миң сом зыян келтиргени аныкталды.  

1-мартта Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, КР Аскер прокуратурасы тарабынан Ош шаарынын, Ноокат, Кадамжай, Кара-Суу райондорунун аскер комиссариатынын  кызмат ээлерине 304- берене (кызмат абалынан кыянат пайдалануу, 315 (кызматтык жасалмалык), 166-берене (шылуундук) боюнча кылмыш иши козголду.

Аскер комиссариатында  иштегендер айрым жарандар менен сүйлөшүп алып, аларды Ооганстанда аскердик кызмат өтөбөсө да, аскердик кызмат өтөдү  деп аскердик документтерине жаздырган. Жасалма  46  “ооганчыга” жасалма күбөлүк берилип, аларга айына 6 миң сомдон акча төлөнүп турган.

Аскер комиссариаттарынын мыйзамсыз аракеттеринен улам,  Коргоо мамлекеттик комитети тарабынан көзөмөл болбогондугунан,  2010-жылдын январь айынан 2017-жылдын декабрь айына чейин мамлекеттик бюджеттен 23 млн 700 миң сом төлөнүп берилгендиги аныкталган.

Учурда мамлекетке келтирилген зыянды толугу менен  төлөтүү чаралары көрүлүүдө.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты