Мамкомитет төрагасы Нурбек Абасканов неге өз фирмасына лицензия берген?

Мамкомитет төрагасы Нурбек Абасканов неге өз фирмасына лицензия берген?Маалыматтык технология жана байланыш мамлекеттик комиссиясынын төрагасы Нурбек Абаскановдун өзү түзүүчүлөрдүн (учредителдердин) катарына кирген фирмага лицензия бергени боюнча өкмөттүк комиссия түзүлүп, кызматтык иликтөө жүргүзүлөөрүн Өкмөттүн кооомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү кабарлады. 

Лицензиялык комиссия 2018-жылдын 22-февралында жыйын өткөрүп, 5 компания жана 4 жеке ишкерге лицензия берген. Ал тизменин арасында IC BEST (“АйСи Бест”) жоопкерчилиги чектелген коомуна мөөнөтү чектелбеген лицензия берилген. Нурбек Абасканов ушул компаниянын түзүүчүлөрдүн (учредителдеринин) бири болгон. КР Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, компаниянын жетекчиси — Сулейман кызы Малика. Түзүүчүлөрү (учредителдери) — Валерий Александровч Адейкин, Абасканов Нурбек Эсенканович.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты