“Кербен” аэропорту иштей баштайт

“Кербен” аэропорту иштей баштайтЖогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдагандай, бүгүн, 1-мартта, Жогорку Кеңеш жыйынында “Кербен” аэропортунун ишин кайра жандандыруу жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды.

Депутат Алмазбек Эргешов Жалал-Абад облусунун Аксы районуна авиакаттамды жандандыруу зарылдыгын айтты. Аксы менен чектеш жайгашкан Өзбекстандын Наманган шаарынын тургундары да уча тургандыгы айтылды.

Маалыматка ылайык, 1979-жылы курулган бул аэропорт СССР кулагандан кийин ишин токтоткон.

Жарандык авиация агенттигинин башчысы Курманбек Акышев ички рейстерге учак жетишсиз болуп жатканын жана  аэровокзалды реконструкция жүргүзүүгө тендер жарыялангандыгын маалымдады.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты