“Республика” гезитинин баш редакторунун уулу АКШда курал сатууга шектелүүдө

“Республика” гезитинин баш редакторунун уулу АКШда курал сатууга шектелүүдө24 kg агенттиги Вирджиния штатынын Чыгыш округунун прокуратурасына таянып, “Коммерсант” гезитинин шилтемеси менен  “Республика” гезитинин башкы редактору Замира Сыдыкованын уулу Тенгиз Сыдыков АКШда курал сатуу менен контрабандага шектелтелгендиги тууралуу айыпталып жаткандыгын жазып чыккан. 

Кармалгандарга куралды экспорттоо боюнча америкалык мыйзамды бузгандыгы жана АКШдан контрабанда жолу менен алып чыккандыгы, электрондук каражаттарды  пайдалануу менен шылуундук кылгандыгы, банк операциялары жана акчаны адалдаштыруу аркылуу шылуундугу үчүн айып тагылып жатат.

Буга жооп кылып, аталган сайтка Замира Сыдыкова уулуна карата айып өкүмү чыкпаганын билдирген. Уулунун шектүү катары ысымы «кармалган экинчи адамга байланыштуу аталып жатышы мүмкүн, анткени мурда батирде чогуу турушкан, абалды териштирүү боюнча 72 саатка формалдуу кармоо болуп саналат” деген Замира Сыдыкова.

Экинчи шектүү адам Элдар Резванов Казакстандын жараны экени айтылууда.

Эгер Вирджиния штаты кармалгандардын күнөөсүн далилдесе, ар бири 20 жылга кесилиши мүмкүн деп жазылууда.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты