Элеттен кеп: Чет-Нурада бут кийим цехи ачылды

Элеттен кеп: Чет-Нурада бут кийим цехи ачылды

Чет-Нура айылы— Нарын районунун  эң алыскы аймактарынын бири. Жумуш жоктугунан  жаштардын дээрлик көбү чет өлкөлөргө  чыгып кетип, айылда  орто жаштан жогоркулар калган.  Элетте жашагандардын турмуш-шартын жогорулатуу максатында жеке ишкер Азатбек Исаков өз айылына бут кийим тигүү чакан ишканасын ачып, айылдаштарын иш менен камсыз кылууда. Бул тууралуу ишкер Азат Исаков “ПолитКлиника” редакциясына төмөнкүлөрдү айтып берди:

Элеттен кеп: Чет-Нурада бут кийим цехи ачылдыАзат Исаков, жеке ишкер:

Жаштар айылдан чет өлкөлөргө кетпей иштесе деген максатта бут кийим цехин ачтык”

—Менин Бишкекте кийиз чыгарган ишканам бар. Айылга туруктуу ишкана  ачып, жаштарды айылда кармап калуу аракетинде бул ишти өз айылыман баштадым.  Биз чыгара баштаган тапичкелер нукура кийизден жасалып, сапаты жагынан мыкты десем болот, анан бардыгынын капчыгына туура келет.

—Сатыкка чыгардыңыздарбы?

—Азыр сурагандар аябай көп, бир жума ичинде ишкананын документтерин бүткөрүп, анан сатыкка коюп, буйрутма ала баштайбыз.

Канча киши иштеп жатат?

—Азырынча 15 киши туруктуу иштеп жатат. 30дай кишини окутуп, бир-эки айдан кийин элүүдөй болобуз дейм. Бул ишти ачууда кыйналдык, бардыгын нөлдөн баштап жатабыз.  Бут кийим тигүү боюнча окуу жай жок экен, бардыгы жабылып калыптыр. Бут кийим тигүүнү  үйрөтө турган кесипкөй адамды тапкан жокпуз. Ошондуктан баарын окутууга туура келди. Бишкекте булгаарыдан бут кийим тиккен цехтер бар, ошол жакта иштеген эки бала окутуп, үйрөтүп кетти.

Цехти эмнеге айылдан ачтыңыз?

—Мен ушул айылда турам. Азыр айылдын жаштары чет өлкөлөргө кетип атат, эркек бала болсо да мейли дейсиң, ал эми кыз балдардын кетиши туура эмес го деп ойлойм. Алардын ата-энеси айла жогунан жиберишет да.  Азыр ар бир үй-бүлөдө экиден-үчтөн адам чет жакта жүрөт. Ошондуктан кичине болсо да жаштар өз айылынан алыс чыкпай, жумуш менен камсыз болсо деп ачтым. Аймактарда иштейин десе жумуш жок, ушул сыяктуу керектүү кесипке үйрөтө турган окуу жайларды ачып коюшса, айыл тургундарына жардамы тиймек.

—Айылыңызда силерден башка да чакан ишканалар барбы?

—Жок го, менин билишимче. Сүттү кайра иштеп чыгаруу боюнча чакан ишкана ачылып, 3-4 ай иштеп, бирок жабылып калды. Биз бул цехти ачканга  жердештерим кубанып атышат.

Элеттен кеп: Чет-Нурада бут кийим цехи ачылды Элеттен кеп: Чет-Нурада бут кийим цехи ачылды

Эльвира Какиева  

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты