«Ата-Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовдун соту кайрадан жылдырылды

«Ата-Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовдун соту кайрадан жылдырылды27-февралдан 1-мартка жылдырылган Алмамбет Шыкмаматовдун Бишкек шаардык сотунда боло турган бүгүнкү сот процесси кайрадан экинчи нөөмөткө которулду. Эмки сот 5-мартта саат 10.00го белгиленди. Анын себеби мурдагыдай эле,  А.Шыкмаматовдун жүрөгү ооруп ооруканага жатып калганы менен байланышат.

Алмамбет Шыкмаматовдун жактоочусу Чынара Жакупбекова анын ооруканада жатканына байланыштуу тиешелүү документтерди алдыга тартып көргөзгөн соӊ, Бишкек шаардык сот коллегиясы процессти кийинкиге калтыруу чечимге келишти.

Буга чейин Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда судья Айбек Эрнис уулу Алмамбет Шыкмаматовго  50 миң эсептик көрсөткүчтө ( 5 млн сом) айыппул салган. Ал эми Алмамбет Шыкмаматов болсо  ”Бул жерде чектен чыгуу,  коррупция жок, мамлекетке зыян келтирилген эмес.  Бийлик ресурстарын пайдаланып, УКМК, Баш прокуратураны пайдаланып, күч органдары азыр кылмыш ишин кимге болбосун жабыштырып, торго салып салышы мүмкүн. Акыры, эртеби-кечпи, 5-10 жылдан кийин Сегизбаев жана сот жана кудай алдында жооп берчү мезгил келет. Мен алардан жана алардын камагынан коркпойм. Сатылып алынган ошол 4 машинанын ичинен менин жубайыма тиешелүүсү эң сонун абалда, сатылган баасына татыктуу. Тендерди 7 кишиден турган комиссия өткөргөн. Машина тендерден утуп чыккан фирмадан сатып алынган” дейт  Алмамбет Шыкмаматов.

Айжан Айтышева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты