Айыл өкмөттүн чечими жокко чыгарылып, жерибизди алып коюшабы?

Жер берүү боюнча айыл өкмөттүн чечимин прокуратура 11 жылдан кийин жокко чыгарып, жерибизди алып коюшабы?  

Айыл өкмөттүн чечими жокко чыгарылып, жерибизди алып коюшабы? Айыл өкмөттүн чечими жокко чыгарылып, жерибизди алып коюшабы?“Учкун-2” деп аталган жаңы конуштун тургундары “Бишкек-аэропорт Манас” жолунун боюнан жер  тилкесин алышкан. Ошонун айынан алар 2015-жылдын февраль айынан бери прокуратура менен соттошуп келишүүдө. Анткени Сокулук райондук прокуратурасы бул стратегиялык жол бою, Ново-Павловка айыл өкмөтү тарабынан жарандарга берилген 183 гектар жер тилкесинин 72син мыйзамсыз берилген деп табууда. Иш Жогорку сотко чейин жетип, кайрадан биринчи инстанциянын кароосуна кайтарылган.  2003-жылы берилген ошол 72 жер тилкеси 12 жылга жакын убакыттан кийин мыйзамсыз бөлүнгөн деп табылууда. Мыйзамдуу жер тилкесинен ажырап калууну каалабаган тургундар акыйкаттык издеп келишет.  
“Учкун-2” конушу “Бишкек- аэропорт “Манас” стратегиялык жолунун боюнда жайгашкан. 2001-жылдын 19-июнунда  Чүй облусунун Сокулук районунун Новопавловка айыл өкмөтүнүн аймагын кеңейтүү максатында Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренеси боюнча жарандарга жер берүү жөнүндө токтом кабыл алынган. 2003-жылдан бери дагы бир нече токтом кабыл алынып, жарандарга  183 гектар жер бөлүнүп берилген. 2005-жылы 14-июнда бул токтомго өзгөртүүлөр киргизилип, калкты социалдык жактан камсыз кылуу үчүн Ново-Павловка айылынын жерин кеңейтүү  максатында жер тилкелерин берүү каралган. Бирок ошол учурда бул маселе аягына чыгарылбай, толук чечилбей калган. Азыр Башкы прокуратура 72  участокту мыйзамсыз берилген деп табууда. Учурда “Учкун-2” айылында 32 курулуш салынып, 21 үйдүн пайдубалы тургузулган.

11 жылдан кийин. Артка жол барбы?Айыл өкмөттүн чечими жокко чыгарылып, жерибизди алып коюшабы?
Башкы прокуратура Ново-Павловка айыл өкмөтү жарандарга жер тилкелерин мыйзамсыз берилген деп таап, жер бөлүгүн берилгендиги боюнча жергиликтүү бийликтин токтомдорун жана ал тилкелерге ээлик кылган мамлекеттик актыларды жокко чыгарууну талап кылууда. Ал эми Ново-Павловка айыл өкмөтүнүн “Жеке үй куруу үчүн “Учкун-2” жаңы конушунан  жарандарга жер тилкелерин берүү боюнча чечим 2003-жылдын 25-июнунда, ал эми  жарандардын жерге ээлик кылуу боюнча чечим 2004-жылдын 28-апрелинде чыккан. Бул чечимдерди жокко чыгаруу боюнча доону прокуратура 2015-жылдын 3-мартында кабыл алган. Башкача айтканда, айыл өкмөтүнүн чечиминен бери 11 жыл 8 ай, жер тилкесине ээ болуу  актысынан бери 10 жыл 11 ай өттү. Чечим кабыл алгандан 12 жылга жакын убакыт өтүп калгандан кийин, чечимди кайтарып алабыз деп доо артылып турат. Айыл өкмөтүнүн жана Мамлекеттик каттоо кызматынын райондук өкүлдөрүнө бул айып боюнча кылмыш иши козголгон.Айыл өкмөттүн чечими жокко чыгарылып, жерибизди алып коюшабы?
Мындай абалдан кийин тургундар жерге ээлик кылгандыгы боюнча мыйзамдуу укугун коргой албай, качан жерибизди тартып алат деп уктай албай калышты. Ар бир берилген жер тилкеси боюнча “бул тилке берилет, бул тилке тартып алынат” деп кандай критерийдин негизинде чечим чыгарышканына таң калышууда, анткени “Учкун-2” жаңы конушунун башкы планы жок. Башкы планы жок эле 567 жер тилкеси жарандарга бөлүнүп берилип кеткен. Прокуратура мыйзамсыз деп тапкан 72 жер тилкесинин ээлери жерди 2003-жылы эле мыйзамдуу жол менен алышкандыктан, эми 12 жылга жакын убакыттан кийин ал мыйзамсыз берилген деп эсептешет. Мурунку чечимдерди жокко чыгаруунун өзү мыйзамсыздык, артка жол жок дешет. Бүгүнкү күндө мында 32 курулуш салынып, 21 үйдүн пайдубалы тургузулуп коюлган.
Учурда тургундар Президентке, Жогорку Кеңешке, Өкмөткө, Баш прокуратурага ж.б. арыз жазып, алардын конституциялык укугу бузулуп жатканын айтып, арызданышууда.  Бир жарым жылдан бери мыйзамдуу алган жер тилкесин качан бузуп кетишет деп тынч уктай албай калганын айтышууда.
Ал катта “Учкун-2” жаңы конушунун тургундары 2015-жылдын 12-январында Сокулук районунун прокуратурасы тарабынан Сокулук районунун мамлекеттик каттоо кызматынын жана Ново-Павловка айыл өкмөтүнүн жетекчилерине жер тилкесин берүү боюнча КР Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү менен кылмыш иши козголгондугу айтылат.
2015-жылдын февралында Сокулук районунун прокуратурасы  Ново-Павловка айыл өкмөтүнө, мамлекеттик каттоо кызматынын жергиликтүү кызматкерлерине Чүй райондор аралык сотуна 72 жолу доо арыз менен кайрылган. Айыл өкмөтүнүн 255, 232 , 265 чечимдерин жана жеке менчикке ээлик кылуу боюнча мамлекеттик актыларды жокко чыгарууга доо жиберген.

Айыл өкмөттүн чечими жокко чыгарылып, жерибизди алып коюшабы?

Камил Жумабаев, «Учкун-2» конушунун тургуну

Камил Жумабаев, “Учкун-2” конушунун тургуну: “Прокуратуранын жерибизди тартып алууга укугу жок”
—Биздин бул жерлерибизди Бакиевдин башкаруусу учурунда Максим Бакиев  мыйзамсыз деп таап, элден зордук менен жерин тартып алганга аракет кылып, эки тамды буздурган. Азыркы учурда да мыйзамдуу түрдө ээлик кылган жер үлүшүбүздү тартып алганы жатышат. Биз бул боюнча  Президентке, Өкмөткө, Прокуратурага,  Жогорку Кеңешке кат менен кайрылдык. Азыр сот иштери убактылуу токтотулуп, май айына жылдырылды. Айтылган 72 жер тилкесинин кызыл китепчеси бар, баары мыйзамдуу түрдө ишке ашырылган. Прокуратуранын бизден бул үлүштөрдү тартып алууга укугу жок. Эгерде бизден жер тилкебизди тартып алышса, биз тамсыз калабызбы?

Жарандардын мүлкүн ким компенсациялап берет?

Бул маселе боюнча  Ново-Павловка айыл өкмөтүндөгүлөр (атын атабастан) мындай деген пикирин билдирди:
—Айыл өкмөтү жер тилкесин райондук администрациянын уруксаты менен  бөлүп берген. Бизде “Учкун-2” айылына жер тилкелерин кандай тизме боюнча жана кандай шартта берилгендиги тууралуу документтер архивде жок. Ошол убакта жарандарга мыйзам чегинде жер берилген. Учурда ал жерлер стратегиялык мааниси чоң жолдун боюнда жайгашкандыгына байланыштуу мыйзамсыз деп табылууда. Ал эми ошол жердеги курулуштарды сот мыйзамсыз деп чечим чыгарса, жарандардын мүлкүн ким компенсациялап берет деген суроо ачык бойдон калууда. Ошол себептен да бул иш кайрадан биринчи инстанцияга кароого берилди.
Сокулук райондук прокуратурасы бул кылмыш иши Жогорку Сотко чейин жетип, кайра биринчи инстанциядагы сотко кайтарылгандыгына байланыштуу жооп бере албай турдандыктарын жана адилет сот чечимин күтүү  керектигин билдиришти.

Умида Бекпулатова

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты