Түркияда кыргыз кызы 25 жылга эркинен ажыратылды

Түркияда кыргыз кызы 25 жылга эркинен ажыратылды

Түркиянын Конья шаарында кыргыз кызы 25 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу түркиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 2016-жылы Конья шаарында түркиялык жаранды кыргыз аял муунтуп өлтүргөн. Бул окуядан соң Конья шаардык прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, шектүү аялды Кайсери шаарынан кармашкан.

Сурак учурунда ал Анталия шаарына иштегени келип маркум менен таанышып, бирге жашап калышканын айткан.

27-февраль күнү Конья шаардык соту кыргыз кызын атайылап киши өлтүргөн деп таап, 25 жылга эркинен ажыратты.

Эске салсак, окуя 2016-жылдын август айында Конья шаарындагы үйлөрдүн биринде болгон. Анда 24 жаштагы үй ээси Муаммер Башактын жансыз денеси табылган. Бул кылмышка шектелип 21 жаштагы Б.Канзада аттуу кыз жана С.Хусейин аттуу түрк жараны кармалгандыгы маалымдалган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты