Ташкент-Балыкчы-Ташкент поездине билет сатыла баштады

Ташкент-Балыкчы-Ташкент поездине билет сатыла баштады

Жүргүнчүлөрдү ташуучу «Ташкент-Балыкчы-Ташкент» поезд каттамына билеттер сатыла баштаганын “Кыргызтемиржолу” ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады.

Март айынан тартып “Ташкент-Балыкчы-Ташкент” поезд каттамы ачылат. Бишкектен Ташкентке чейин билеттин баасы плацкарт вагонуна 2500 сомдон, купе 3378 сомдон жана люкс вагонуна 6432 сомдон.

№455/456 “Ташкент-Балыкчы-Ташкент” поезди Өзбек темир жолунун курамы менен жумасына бир жолу каттайт. Алгачкы поезд 2018-жылдын 22-мартында Ташкенттен чыгат жана 23-мартта Балыкчыга келет. 24-мартта Балыкчыдан кайра жөнөп, 25-мартта Ташкентке келет.

Аталган поезд бейшемби күндөрү Ташкенттен чыгат жана ар ишемби күндөрү Балыкчыдан кайра Ташкентке жөнөп кетет.

Поездде 7 купе, 3 плацкарт жана вагон-рестораны бар.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты