Ак-Түз:  Химиялык элементтер түтүгү жарылып, сууга куюлган

Ак-Түз:  Химиялык элементтер түтүгү жарылып, сууга куюлган

КР Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктарын пайдалануу мамлекеттик комитети билдиргендей, 26-февралда таңкы саат төрткө жакын, аба ырайынын өйдө-ылдый болушунан  пульпопроводдун түтүгүнөн жарака кетип, “Ак-Түз» тоо-кен фабрикасынын уу калдыктар сакталуучу жерге кеткен жеринен химиялык уу калдыктар агып түшкөн.

Ал жердин жаракасынан уу калдыктар кыртышка жана Кичи-Кемин суусуна агып түшкөн. 20 мүнөттө ал жарака бүтөлгөн, жол грейдер менен тазаланган, кыртыштын үстүнкү катмары алынган, алар уу калдыктар жакка ыргытылган” деген маалымат тараткан мамлекеттик комитеттин  басма сөз кызматы.

27-февралда ЖКнын эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун катышусундагы жыйында Ирина Карамушкина Ак-Түздө химиялык элементтер түтүгү жарылып, Кемин суусуна куюлуп жаткандыгын айтты:

—Суу түтүгү жарылгандан кийин анын баары сууга агып түшүп жатат. Түтүктүн абалы жакшы болгон, ал 2016-жылдын август айында пайдаланууга берилсе да, ал жарылып кеткен. Ал жер коркунуч жаратат, кыртыш, суу баары булганды деп ойлойм.   Кемин районунда уу калдыктар көмүлгөн жерге жакын айыл бар (Ак-Түз — ред.). Ал жакта кытай фирмасы иштеп, бүт жолду айдап салышты. Бирок уу калдыктар боюнча эч нерсе жасалган жок, — деди Ирина Карамушкина.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты