Эсенгул Өмүралиев өлкө кызыкчылыгын коргогон атуул эле

Эсенгул Өмүралиев өлкө кызыкчылыгын коргогон атуул эле

27-февралда белгилүү коомдук жана мамлекеттик ишмер  Өмүралиев Эсенгул Касымович акыркы сапарга узатылды.  

Эсенгул Өмүралиевдин бүткүл өмүр жолун Ата мекенге кызмат кылууга арнагандыгын баса белгиленди.

Өзүнүн эмгек жолунда ал ар кыл жоопкерчиликтүү кызматтарды аркалаган, анын катарында вице-премьер-министр, өнөр-жай жана тышкы соода министри, Кыргыз Республикасынын бир катар КМШ мамлекеттериндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу өкүлү, Ысык-Көл облусунун губернатору-мамлекеттик администрациясынын төрагасы кызматтарын ээлеген.

Премьер-министр белгилегендей, Эсенгул Өмүралиевдин жашап өткөн өмүрү өсүп келе жаткан муун үчүн өрнөк болуп саналат.

Коомдук ишмердин сөөгү Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты