Алмамбет Шыкмаматов жүрөгү ооруп, ооруканага жаткандыгынан улам сот жылдырылды

Алмамбет Шыкмаматов жүрөгү ооруп, ооруканага жаткандыгынан улам сот жылдырылды

Бүгүн, 27-мартта, эртең мененки саат 10до Бишкек шаардык сотунда “Ата Мекен” фракциясынын лидери  Алмамбет Шыкмаматовдун соту уланмак. Бирок анын жактоочусу Чынара Жакупбекованын айтуусунда,  Шыкмаматов жүрөгү ооруп, ооруканада дарыланууда.

Ошого байланыштуу шаардык соттун отуруму кийинкиге, 1-мартка саат 10 го жылдырылды. Буга чейин Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда судья Айбек Эрнис уулу Алмамбет Шыкмаматовго  50 миң эсептик көрсөткүчтө ( 5 млн сом) айып салган.

Эскерте кетсек, Алмамбет Шыкмаматовго Эсеп палатасындагы маселеге байланыштуу кылмыш иши коррупция жана жасалма документ жасоо беренеси боюнча козголуп жатат.  2011-жылдын 20-сентябрында Эсеп палатасынын төрагасы Сабырбек Молдокулов кызматтык жеңил машина сатып алууга байланыштуу тендер жарыялоо боюнча буйрук чыгарган.  “Мамлекеттик сатып алуулар” тууралуу мыйзам бузулуп, тендер өткөрүлгөн эмес делген. Эсеп палатасынын аудиторлору жеке адамдар саткан машинаны өздөрү тандап алышкан” деп билдирет Башкы прокуратура.   Тендер өттү делип, жалган документтер даярдалган, тендер комиссиясынын төрагасы Ж. Иманалиев, комиссия мүчөлөрү Алмамбет Шыкмаматов жана А. Юксель сүйлөшүп алып, 5 кишиден “Мерседес-Бенц” машинасын сатып алынды деп келишим түзүлгөн дешет. 2011- жылдын 5-октябрында тендер өткөрүлдү, ага эки компания катышты, бири А. Юксель жетектеген “Би Стар” компаниясы 4 млн 265 миң сом менен, экинчиси  “Барат Люкс” компаниясы 3 млн 368 миң сом менен катышты деп, келишим түзүлгөн.

Башкы прокуратура Шыкмаматов жеке кызыкчылыгын көздөп, тендердик арызга “Барат Люкс” компаниясын да коштуруп, ага жубайы Турдакунованын “Мерседе Бенц” машинасын 14 миң 637 долларга көтөрмөлөп баалаган дейт. Эксперттердин баасы боюнча мындай машиналар 10 миң долларлын тегерегинде дешет.  Эсеп палатасынын кызматкерлери  мыйзам бузуп, бюджетке  залал келтиргеа Шыкмаматовдун да тиешеси бар делген.

Ал эми Алмамбет Шыкмаматов болсо  ”Бул жерде чектен чыгуу,  коррупция жок, мамлекетке зыян келтирилген эмес.  Ресурсту пайдаланып, УКМК, Баш прокуратураны пайдаланып, күч органдары азыр кылмыш ишин кимге болбосун жабыштырып, торго салып салышы мүмкүн. Бирок 5-10 жылдан кийин Сегизбаев сот жана кудай алдында жооп берчү мезгил келет. Мен алардан жана алардын камагынан коркпойм. Сатылып алынган ошол 4 машинанын ичинен менин жубайыма тиешелүүсү эң сонун абалда, сатылган баасына татыктуу. Тендерди 7 кишиден турган комиссия өткөргөн. Машина тендерден утуп чыккан фирмадан сатып алынган” дейт  Алмамбет Шыкмаматов.

Айжан Айтышева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты