Кыргызстан депутаты Асылбек уулу  Дамирбекти казактар  Улуттар аралык банда башчысы деп сыпаттады

Кыргызстан депутаты Асылбек уулу  Дамирбекти казактар  Улуттар аралык банда башчысы деп сыпаттады

Казакстанда кармалган Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаты Асылбек Дамирбек уулун Казакстандын КТК телеканалы улуттар аралык банда башчысы деп сыпаттады.   

КР Жогорку Кеңешинин депутаты Асылбек уулу Дамирбекти жана дагы анын 2 өнөктөшүн Казакстанда атайын операциянын негизинде камакка алгандыгы тууралуу кабардан кийин КР Тышкы иштер министри Казакстан ТИМине нота жиберип, анын жообун алгандыгы маалым. Казакстандык тарап 15-февралда атайын операциянын негизинде Кыргызстандын 3 жараны кармалгандыгын билдирген.

Алматы шаарынын соту Казакстанда 15-16-февралда өткөн атайын операциянын негизинде кармалган 29 жаранды эки айга камаган. Кийинчерээк камалгандардын саны 32 ге жеткендиги маалымдалган.  Алардын арасында Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Асылбек уулу Дамирбек жана кыргызстандыктар Чынгыз Абакиров, Уланбек Мурадилов бар экендиги айтылган.

Буга чейин Казакстан прокуратурасы 15-16-февралда Улуттук Коопсуздук комитети жана Коррупцияга каршы бюро менен бирдикте бажы тармагында уюшкан кылмыштуу топторго жана контрабанда менен күрөшүү боюнча атайын операциянын негизинде Алматы, Жамбыл, Түштүк Казакстан облустары жана Алматы шаарында атайын операция өткөргөн. Анын негизинде 29 адам камалгандыгы (кийинчерээк 32)  тууралуу маалымат тараган. Кыргызстандын ЖК депутаты Асылбек уулу Дамирбек мурда Чынгыз Абакиров жана Улан Мурадилов менен “Альфа Телеком” жабык акционердик коомунда бирге иштегендиги маалым болгон.

Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек уулу Дамирбектин аты-жөнү Динарбек Супатаев болуп чыккан. Анын Кыргызстандын жана Казакстандын кош жарандыгы болгондугун, улутун өзгөртүп казак болуп алганын, туулган жылын спорттук кызыкчылыктардан улам өзгөрткөндүгү маалымдалып келди.

Айтып коюучу нерсе Асылбек уулу Дамирбек спорттук эл аралык мелдештерде Казакстандын атынан чыгып, байгелүү орундарды жеңип турганы Кыргызстанга маалым болгон. Бирок казакстандык тараптарда бул жагы белгиленген жок. Казакстандын КТК телеканалы аны Улуттар аралык банда башчысы деп атады.

Кыргызстанда Асылбек уулу Дамирбекти ЖК депутаттыгынын катарынан чыгаруу тууралуу сөз болууда.  КР Жогорку Кеңеши бул боюнча Казак мажилисине  кайрылуу жолдогон.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты