Казакстандагы жол кырсыгы:  Дагы бир кыргызстандык  каза болду

Казакстандагы жол кырсыгы:  Дагы бир кыргызстандык  каза болду

Казакстандын Алматы облусунда жол кырсыгына кабылган унаанын айдоочусу каза болгонун Тышкы иштер министрлиги билдирди.

26-февралда кабарлангандай, Жамбыл районунун Таргап поселогунда 1980-жылы туулган кыргыз жараны, Ош облусунун Өзгөн районунун Кысык-Алма айылынын тургуну  П. Ж. айдаган “Тойота Эстима” машинасынын катышуусунда жол кырсыгы болгон.  П. Ж. оор абалда райондук ооруканага жеткирилип, операция жасалганы айтылган. 27-февралда “Тойота Эстима” машинасынын айдоочусу каза болуп калган.

“Тойота Эстимада” алты адам болгон. Жол кырсыгынан каза болгондор: М. С. 1971 –жылы туулган, кыргыз жараны, Сузактын Жоон-Күнгөй айылынын тургуну,  А. Г. 1970-жылы туулган, улуту кыргыз, Казакстан жараны, Сузактын Октябрь айылынан.  Жабыркаган эки адамды Кыргызстандан “Тез жардам” алып кеткен. 6-жүргүнчүгө биринчи жардам көрсөтүлгөндөн кийин кое берилген.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты