Фарид Ниязовдун отставкасы кабыл алынган жок

Фарид Ниязовдун отставкасы кабыл алынган жокБир катар ЖМК президенттик аппараттын башчысы Фарид Ниязов отставкага кетүүгө арыз жазды деп жазып чыккан. Мамлекет башчынын басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева президент  Сооронбай Жээнбеков Фарид Ниязовдун отставкасын кабыл алган жок деп билдирди. 

“26-февралда, дүйшөмбү күнү Фарид Ниязов жумуштан кетүү боюнча арыз менен президентке кирген. Бирок Сооронбай Жээнбеков анын арызына кол койбой андан ары иштөөнү сунуштады. Президент Фарид Ниязовго бир жумага эс алуу берди, анткени аппарат жетекчиси шайлоодон кийинки убактан бери эс алган эмес. Аппараттын президент менен адаттагы кеңешмеси дүйшөмбү күнү 30 мүнөткө кеч башталды, анткени Фарид Ниязов президенттин кабыл алуусунда болду.   Кеңешмеге ал катышкан жок” деп комментарийлерди Толгонай Стамалиева бүгүн, 27-февралда.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты