2000 сомдук банкнота Европанын жарымы менен КМШда мыкты аталды
- 7 лет мурун
- Маек
Улуттук банк тарабынан чыгарылган 2000 сом номиналындагы эстелик банкнота Борбордук жана Чыгыш Европа, ошондой эле КМШ өлкөлөрүнүн ичинде «2018-жылдын регионалдык эң мыкты банкнотасы» деп аталган абройлуу эл аралык сынагынын жеңүүчүсү болду. Бул туурасында Улуттук банктын маалымат кызматы билдирди.
Жогорку сыйлыктарга Россиянын 200 жана 2000 рубль номиналындагы, Армениянын 500 драм, Польшанын 500 злотый, ошондой эле Грузиянын 5 лари номиналындагы банкноталары талапкер болгон.
«Эстелик банкнота татыктуу болгон эл аралык маанидеги сыйлык өзгөчөлөнгөн дизайн, көркөм жасалгалоонун алкагында учур талабына жооп берген коргоо элементтеринин айкалышта колдонулушу, ошондой эле технологиялык жасалгасы жана коргоого алуудагы өзгөчөлүгү үчүн ыйгарылат. Мында айрыкча, маданий мурастын, жалпы дизайндын жана эмитент-өлкөнүн өзгөчө белгилеринин чагылдырылышына көңүл бурулат», — деп айтылат маалыматта.
Регионалдык эң мыкты банкнота сынагы жыл сайын өтүүчү жогорку коргоо элементине ээ басылмалар боюнча эл аралык конференциянын (High Security Printing) алкагында Польшанын Варшава шаарында 19-21-февралында өткөн. High Security Printing – бул банкноталарды, башка баалуу кагаздарды басып чыгаруу, алардын коргоо элементтери маселелерине арналган ар жылы өтүүчү таасирдүү регионалдык конференция болуп саналат.
2000 сомдук банкнота өткөн жылдын 17-ноябрында жүгүртүүгө чыгып, өлкө тарыхындагы бир катар маанилүү окуяларга, тагыраак айтканда, Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына, Улуттук банктын түптөлүшүнүн 25 жылдыгына, ошондой эле улуттук валютанын жүгүртүүгө чыгарылышынын алдыда күтүлүп жаткан 25 жылдык мааракелерине арналып чыгарылган.