КР ТИМ: Казакстандагы жол кырсыгынан каза болгондор бар

КР ТИМ: Казакстандагы жол кырсыгынан каза болгондор бар26-февралда Алматы-Бишкек жолунун 102-чакырымында, Алматы облусунун Жамбыл районунун Таргап поселогунда 1980-жылы туулган кыргыз жараны, Ош облусунун Өзгөн районунун Кысык-Алма айылынын тургуну  П. Ж. айдаган “Тойота Эстима” машинасынын катышуусунда жол кырсыгы болгон.  П. Ж. оор абалда райондук ооруканага жеткирилип, операция жасалууда.

“Тойота Эстима” минивенинде алты адам болгон. Жол кырсыгынан каза болгондор:

1) М. С. 1971-жылы туулган, кыргыз жараны, Сузактын Жоон-Күнгөй айылынын тургуну;

2) А. Г. 1970-жылы туулган, улуту кыргыз, Казакстан жараны, Сузактын Октябрь айылынын тургуну.

“Жүк-200” жүгү Кыргызстанга жөнөтүлдү. Жабыркаган эки адамды Кыргызстандан “Тез жардам” алып кеткен. 6-жүргүнчүгө биринчи жардам көрсөтүлгөндөн кийин кое берилген.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты