Сымап менен кармалгандар

Сымап менен кармалгандарЖалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун аймагында ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери ири көлөмдөгү зыяндуу сымап суюктугу менен жарандарды кармады.

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлерине келген ыкчам маалыматтын негизинде Ала-Бука айылында “ВАЗ-2107” автоунаасы токтотулуп, текшерүү учурунда жалпы салмагы 2 килограмм 550 граммды түзгөн ири көлөмдөгү зыяндуу сымап суюктугу табылган.
КР Кылмыш-жаза кодексинин 254-беренеси (Күчтүү таасир тийгизүүчү же уулуу заттарды сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча шектелген Т.Р. аттуу жаран убактылуу кармоочу жайга камалып,  иликтөө иштери жүрүп жатканын ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Буга чейин  “Кең-Булуң-автодорожный” өткөрмө пунктунун чек арачылары Кыргызстанга сымап алып өтүүгө ниеттенген казакстандык төрт жаранды кармаган. Айта кетсек, сымапты алып жүрүүгө тыюу салынган. Кармалган жарандардын унаасын  текшере келгенде чек арачылар сүлгүгө оролуп жана скотч менен бекитилген  “РЕАХИМ Р» аттуу кызыл сымап куюлган бир литрлик келген эки банканы табышкан.

Казакстандык жарандар кармалып, сымап куюлган бөтөлкөсү Улуттук Коопсуздук мамлекеттик кызматына өткөрүлүп берилгендигин Чек ара кызматынын басма сөз кызматы 16-февралда кабарлаган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты