Жайыт акысы өткөн жылы 6 миллион сомго көп жыйналды

Жайыт акысы өткөн жылы 6 миллион сомго көп жыйналды2016-жылга салыштырмалуу 2017-жылы жайыт пайдалануу үчүн чогулган каражат алты миллион сомго көбүрөөк же 127 млн сомду түздү. Бул тууралуу Жайыт, мал чарба жана балык чарба департаментинин директору Урматбек Мырзакматов билдирди.

Чогултулган каражаттын ичинен жайыт инфраструктуралары жакшыртылды: 2,5 миң чакырымдан ашык жол, 235 көпүрө оңдолгон.
Жайыттардын жакшыртуусу 2009-жылы “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын ишке кириши жана реформанын  өтүшү менен белгиленет. Жайыт тармагында болуп жаткан өзгөрүүлөргө Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинде ишке ашырылган “Айыл чарба инвестициялары жана кызмат көрсөтүү” долбоору жана учурда иштеп жаткан “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү – 1, — 2”, “Жайыттарды жана мал чарбачылыгын башкарууну жакшыртуу” долбоорлору себепкер.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты