Индиянын КР Онкология борборуна белеги

Индиянын КР Онкология борборуна белегиБүгүн, 26-февралда, Улуттук онкология борборуна индиялык тарап нурлануу терапиясында колдонулуучу “Бабатрон-2” аппаратын тапшырды. Аппаратты тапшыруу аземинде КР премьер-министри Сапар Исаков, Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев, Индиянын Кыргызстандагы элчиси  Лакшманан Савирси ж.б. катышты. 

Премьер-министр Сапар Исаков бул Кыргызстандагы онкологиялык дарттан жабыркагандарды дарылоодо заманбап жабдуу зарыл экенин белгилеп кетти.

Индиянын Кыргызстандагы элчиси Лакшманан Савирси аталган аппарат Индиянын Кыргызстанга белеги экенин айтып, акжолтой болушун тиледи.       

Улуттук онкология борборунун директору Эрнис Тилеков “Бабатрон- 2“ жылына 2 миң оорулууну тейлей тургандыгын жана ушунча адам нурлануу терапиясына муктаж болуп жаткандыгын белгиледи.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты