Жол кырсыгына кабылган автобус айдоочулары иштен бошотулат

Жол кырсыгына кабылган автобус айдоочулары иштен бошотулат

Мындан ары жол кырсыгына кабылган маршруттук автобустардын айдоочулары менен иш келишими токтотулат. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койгонун өкмөт кабарлады. Маалыматка ылайык, жол кырсыгына кабылып адам өмүрүнө зыян келсе же үчтөн ашык адам оор жараат алса, андай айдоочу менен дароо иш келишими токтотулат. Мындай чара эл ташыган автобустар катышкан жол кырсыктары көбөйгөнү үчүн иштелип чыкты.

Кыргызстан жол кырсыктары көп болгон мамлекеттердин бири. Расмий маалыматка караганда, 2017-жылы өлкөдө 6 миң 346 жол кырсыгы катталган. Бул көрсөткүч 2016-жылга салыштырмалуу 478ге көп.

Буга чейин Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр киргизилип, жол эрежесин бузгандардын жазасы күчөтүлгөн. Ага ылайык, айдоочу эреже бузуп, жабырлануучунун саламаттыгына анча оор эмес зыян келтирсе, ал үч жылга чейинки мөөнөткө автоунаа башкаруу укугунан ажыратылат же үч эсе айыпка жыгылат же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты