Эсенгул Өмүралиев дүйнө салды   

Эсенгул Өмүралиев дүйнө салды   Бир катар жооптуу кызматтарда эмгектенип келген мамлекеттик ишмер, ошондой эле ар кайсы жылдары Беларусь, Казакстан, Украинада Кыргызстандын элчилик кызматын аркалап келген Эсенгул Өмүралиев узак оорудан кийин бул дүйнө менен кош айтышты. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Эсенгул  Өмүралиев 1950-жылдын 14-сентябрында Ысык-Көл облусунун Тоң районунда туулган. Ал бир катар мамлекеттик жооптуу кызматтарда: энергетика министри, вице-премьер-министр, элчилик кызматта эмгектенип келген. КР Жогорку Кеңешинин депутаты да болуп шайланган.

Эсенгул Өмүралиев кайсы жооптуу кызматтарда иштебесин, элге, Мекенге ак кызмат кылып, бир катар сыйлыктарга татыктуу болгон.

Маркумдун үй-бүлөсүңө, жакындарына көңүл айтабыз.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты