Нарынга дагы тогуз памирлик кыргыз келди

Нарынга дагы тогуз памирлик кыргыз келди

Маалыматка ылайык, 18-февралда эки үй-бүлө балдары менен Нарын шаарына Мамлекеттик миграция кызматы тарабынан алып келинген. Кийин медициналык текшерүүдөн өткөрүлүп, 22-февралда Кочкор районуна жөнөтүлгөн.

Памирлик кыргыздарды Кочкордон райондун акими Нурлан Керимкулов менен Социалдык өнүгүү бөлүмүнүн начальниги Баатырбек Абдымамытов тосуп алган. Учурда алар №15 кесиптик лицейдин жатаканасында жашап жатышат. Бул тууралуу Облустук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынан кабарлашты.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты