Өрттөн улам 5-кабаттан кулаган бала каза тапты

Өрттөн улам 5-кабаттан кулаган бала каза тапты
22-февралда Бишкектин Гоголь көчөсүндөгү батирден чыккан өрттөн сактанам деп 5-кабаттан секирген бала каза болуп калды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин алдын-ала маалыматы боюнча, Гоголь көчөсүндөгү үйдүн 5-кабатындагы батирдеги өрттүн себеби электр жабдууларын колдонуунун техникалык эрежелеринин сакталбагынан чыккан. Анын кесепетинен ашкана жана кире беришти өрт чалган. Жалпысынан 35 чарчы метр жер күйүп кеткен.
Өрт башталганда үйдөгү бала уктап жаткандыгы аныкталган. Бала үйдө жалгыз болуп, сыртка чыга албай калган. Өрт күч алганда сактанам деп, 5-кабаттан секирип кеткендиги болжолдонууда.
Баланы №3 ооруканага алып барганда абалы оор болгон, 5-кабаттан секирип, катуу жерге түшкөндө омурткасы сынган. Ооруканага алып баргандан эки сааттан кийин бала каза болуп калган.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымат берди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты