Пхенчхан: Евгений Тимофеев менен Тариэл Жаркымбаев

Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарындагы Кышкы олимпиадада кыргызстандык лыжачы Евгений Тимофеев кадимки слаломдо 40-орунду ээледи. Ал эми дагы бир лыжачы Тариэл Жаркымбаев 78-орунга жетишти.

Олимпиадага жөнөөр алдындагы пресс-конференцияда Евгений Тимофеев “Менин максатым — Кышкы олимпиаданын алдыңкы 40 спортчусунун катарына кирүү” деген эле. Ошол тилеги орундалып, ал олимпиаданын алдыңкы 40 спортчусунун бири болду.

Кышкы олимпиаданын  расмий сайтында кабарлангандай,  бул жарышка 108 спортчу чыкса, марага алардын 52си эле жеткен.

Кыргызстандык лыжачы Евгений Тимофеев кадимки слаломдо биринчи оюнда 52 спортчунун арасынан 1, 56 секундда келип, 49-орунда болсо, экинчи оюнда 1 мүнөт 2,47 секундда, жалпысынан 2 мүнөт 3,93 секундда өтүп, 40-орунга жетишти.

Бул оюндарда олимпиада чемпиону  швециялык лыжачы Андре Мюрер болду, экинчи орунда швейцариялык Рамон Ценхойзерн, үчүнчү орунда австриялык Михаэль Матт ээ болду.

Пхенчхан: Евгений Тимофеев менен Тариэл Жаркымбаев18-февралдагы  гиганттык слалом жарышында  Евгений Тимофеев 63-орунга жетишкен.

Евгений Тимофеев –Кыргызстандын көп жолку чемпиону. Төрт жыл мурун, Сочи олимпиадасында гиганттык слаломдо 109 спортчунун арасынан 61-орунду, кадимки слаломдо 115 спортчунун арасынан 41-орунду ээлеген.

19 жашында Евгений Тимофеев Сочи олимпиадасына жаракат алган спортсмендин ордуна ойноп, 41-орунга жетишкен.   Ал азыр 22 гана жашта.

Кыргызстандык Тариэл Жаркымбаев

Кыргызстандык дагы бир лыжачы, Пхенчхандагы Кышкы олимпиаданын катышуучусу,  олимпиаданын Пхенчхан: Евгений Тимофеев менен Тариэл Жаркымбаевачылышында өлкөбүздүн туусун көтөрүп чыккан Тариэл Жаркымбаев 13-февралда лыжа боюнча спринтердик жарышта  классикалык стиль менен 1, 4 чакырымда 80 оюнчунун арасынан 78-орунга жетишкен.

Тариэл Жаркымбаев 21 эле жашта. Кыргызстандын  биатлон жана тоо лыжасы боюнча чемпиону. “Олимпиадага жаш кезимен бери катышууну самачумун. Бир жолу тренер мага спортчу үчүн олимпиадага катышуунун өзү эң чоң жетишкендик” дегени эсимде  калыптыр” . “Олимпиадага катышканым  үчүн ата-энеме ыраазымын, алар мени ар даыым колдоп келишти” деп айткан Тариэл Жаркымбаев маектеринин биринде.

Кыргызстандын лыжачылары Евгений Тимофеев менен Тариэл Жаркымбаевди Кышкы олимпиадада кыргыздын туусун желбиретип чыккандыгы, башкалардай болуп жыгылбай, оюндан чыгып калбай, аягына чейин туруп, салыштырмалуу ийгиликке ээ болушу менен куттуктайбыз.

Борбор Азиянын айрым өлкөлөрү, мисалы, Тажикстан менен Түркмөнстандын спортчулары кышкы олимпиадага такыр эле катышкан жок. Аларга караганда биздин спортчуларыбыз болгон аракетин жумшап, катышып жана таймашып жаткандыгы менен айырмаланып турат.

Пхенчхандагы Кышкы олимпиада,  бүрсүгүнү,  25-февралда аяктайт.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты