Ноокендик эки жаран 450 кг күкүрт кычкылын не кылат?

Ноокендик эки жаран 450 кг күкүрт кычкылын не кылат?
Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматы Ноокен райондук ички иштер кызматкерлери менен бирге баңгизаттарды, эс-тутумга таасир берүүчү каражаттарды даярдоого колдонулуучу каражатты табышкан. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иликтөөнүн жүрүшүндө Ноокен районунун эки жаранынын үйүнөн жалпысынан 450 килограмм 260 грамм күкүрт кычкылын табышкан. Учурда бул факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты