Ашуудагы акыркы артиллериялык атуу

Ашуудагы акыркы артиллериялык атууБишкек-Ош унаа жолунда коопсуздукту камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө үчүн, 2018-жылдын 15-февралынан 25-февралына чейин кар көчкү коркунучу бар аймактарда артиллериялык курал менен кар көчкүсүн атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан.

2018-жылдын 21-февралында Бишкек-Ош унаа жолунун 133-чакырымында, Төө-Ашуу ашуусунда  саат 11:10дон саат 11:40ка чейин 5  снаряд атылып (1 снаряд жарылган эмес), кар көчкү түшкөн эмес, 135-чакырымында 3 снаряд атылып, кар көчкү түшкөн эмес. Саат 13:00дөн 13:10гө чейин 132-чакырымында 3 снаряд атылып, кар көчкү түшкөн эмес.

17-февралдан 21-февралына чейин 112 снаряд атылып (5 жарылган эмес), 190 100 мкар көчкү түшкөн.

Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунда, Ала-Бука-Каныш-Кыя жана Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолдорунда коопсуздукту камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө үчүн, 2018-жылдын 21-февралынан 25-февралына чейин кар көчкү коркунучу бар аймактарда артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайын атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдайт.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты