Алмазбек Атамбаев Нарын Айыптын жалгыз тамын саттырбайт

Алмазбек Атамбаев Нарын Айыптын жалгыз тамын саттырбайт

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин доосу менен журналист Нарын Айыптын квартирасынын ага тиешелүү үчтөн бир бөлүгүн  сатыкка коюу талабы бүгүн, 22-февралда, Октябрь райондук соту тарабынан четке кагылды. 

Буга чейин журналист Нарын Айыптын 90 жаштагы апасы Райла Идинова уулунун доосуна байланыштуу үйүнөн айрылып калуу коркунучун айтып, Жалпыга маалымдоо  каражаттары аркылуу сотторго кайрылган эле.

Экс-президенттин өкүлү Нурбек Сыдыков ЖМКга берген маалыматында, Алмазбек Атамбаев эненин көз жашына кайдыгер карай албасын, күч менен сатууга мажбур кылбасын белгилеген.

«Президенттин кадыр-баркына доо келтирди» деген айып менен  журналист Нарын Айыптан сот аркылуу 9 млн сом өндүрүү жагы каралган. Сот буга чейин ал сумманы бөлүп төлөөгө  тыюу салган. Экинчи жагынан ал үйдүн үчтөн бирин сатууда ал сумма чогулбай турганын, акыры бөлүп төлөөгө туура келээрин журналист билдирген.

Сот аткаруучу да Конституцияга ылайык,  доого жыгылган адамдын үй-бүлөсү менен жападан-жалгыз жашаган жерин тартып алууга акысы жоктугун моюнга алган.

Мына ушундай абалдан кийин экс-президент Алмазбек Атамбаевдин өкүлү журналист Нарын Айыптын ишине башка жашаар жери жок экендиги тууралуу справканы тиркеп коюуну өтүндү. Журналисттин жалгыз үйүнүн үчтөн бир бөлүгүн сатууга коюу боюнча соттун чечими жокко чыгарылды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты