Перу: Автобус жардан кулап, 48 адам каза тапты

Перу: Автобус жардан кулап, 48 адам каза таптыАрекипа аймагында кечээ, 21-февралда, жергиликтүү убакыт боюнча болжол менен саат 01:30да  Панамерика унаа жолунда жүргүнчүлөрдү ташып бара жаткан автобус оодарылып, бийиктиги 100 метр келген жардан кулап түшкөн.

Кырсыктын кесепетинен 48 адам каза болгон. Алдын-ала маалымат боюнча, каза болгондордун арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок.

Бул тууралуу КР Өзгөчө Кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты