Кадыров менен Карыбеков ачкачылыкты токтотту

Кадыров менен Карыбеков ачкачылыкты токтотту

Жаза аткаруу кызматы  22 күн ачкачылык кармаган Кубанычбек Кадыров менен Эрнест Карыбеков ачкачылыкты токтоткондугун билдирди.
Алар №1 СИЗОдон бири №27 колонияга, экинчиси №8 колонияга которулду.

Камактагы Бектур Асанов ачкачылыкты улантууда. Ал №47 колонияда врачтардын көзөмөлүндө.
Бийликти күч менен басып алууга аракет кылгандыгы үчүн сот тарабынан Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров 12 жылдан, Эрнест Карыбеков 20 жылга эркинен ажыратылып, жазасын өтөп жатышат. Булар менен чогуу айыпталган Дастан Сарыгулов төрт жылга кесилип, (анын үч жылы шарттуу, бир жылын камакта өткөргөн) сот залынан бошотулган эле.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты