Камактагы Өмүрбек Текебаев жубайын куттуктады
- 7 лет мурун
- Маек
Камакта жаткан Өмүрбек Текебаев жубайы Айгүл Текебаеваны туулган күнү менен куттуктап, өз колу менен открытка жасаган. Аны жактоочусу Искен Афиджанов аркылуу берип жиберген.
Азыркы тапта №47 колонияда айыпталып жаткан “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев 20-февралдагы аялынын туулган күнүнө карата өз колу менен открытка жасап, куттуктоосун жазып, адвокаты Искен Афиджанов аркылуу берип жиберген.
“Өмүрбек Текебаев абакта жатса да, үй-бүлөсүн майрамдарда куттуктап турат” дейт анын жактоочусу.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!