Аида Салянова:  “Коррупциялашкан соттор менен өлкөнүн келечеги жок”

Аида Салянова:  “Коррупциялашкан соттор менен өлкөнүн келечеги жок”

Бүгүн, 21-февралда, “Ата Мекен” фракциясынан Аида Салянова  парламенттин пленардык  жыйынында акыркы сөз алып сүйлөдү. Соттолгондугуна байланыштуу Салянованын мандаты алынат.  

“Коррупциялашкан, өз позициясы жок, күн карама соттор менен өлкөнүн келечеги жок. Мыйзам да, күбөлөр  да мен тарапта болгонуна карабастан,  сот укуктук эмес, саясий чечим чыгарды.  Бүгүн прокуратура, сот жана УКМК уюшуп алып иш алып барууда. Сот системасы менен прокуратуранын уюшуп иштеп жатканы – бул саясий бандитизм” деди Аида Салянова.

 «Менин кабыл алына элек мыйзам долбоорлорум бар болчу, аны келечекте колдоп коюуңуздарды өтүнөм. Мен болгону эки жыл депутат болдум, бирок бул мага чоң тажрыйба, мен сиздердин ар бириңиздерге ыраазымын” деди Аида Салянова парламенттин жыйынында коштошуп жатып.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты