Токтогулдун тургуну 100 кг баңги даярдаган

Токтогулдун тургуну 100 кг баңги даярдаганИИМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Баңги затынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы кызмат узак убак Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Ничке-Сай айылынын тургуну Ш. А. нын ишине байкоо жүргүзүп келген. Ал ири өлчөмдөгү баңги затын даярдап жана сактап келген.

Ушул жылдын 17-февралында аталган кызматтын  кызматкерлери Ш. А.нын үйүн тинтип, 2 мүшөк кургай элек кара куурай (каннабис), кургатылган кара куурай, бардыгы 97 кг ашык  баңги заты табылган.

Бул иш боюнча тергөө жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты