Жогорку сот судьясына талапкер: Кимдин ысымы тааныш?

Жогорку Соттун сот департаментинде Конституциялык палата судьялыгына жана Жогорку сот судьялыгына талапкерлер аныкталып бүттү. Конституциялык палата судьялыгына жана Жогорку соттун судьялыгынын алты кызмат ордуна 46 талапкер катталды. Бул тууралуу КР Сотторду тандоо кеңешинин  сайтынан маалымат алууга болот.

Жогорку Соттун судьялыгынын алты кызмат ордуна ат салышкан 46 талапкердин арасынан  сизге кимиси тааныш көрүндү? Албетте, Ирина Воронцова жана Кымбат Архарова!

Жогорку сот судьясына талапкер: Кимдин ысымы тааныш?Воронцова Ирина Николаевна 1968-жылдын 4-августунда туулган. Бишкек шаардык сотунун төрайымы. Соттук стажысы чоң. Бирок …

Айрыкча  Ирина Воронцова  “Ата Мекен” партиясынан Аида Салянованын соттук иши боюнча жакшы таанымал болуп калды. Салянованын үстүнөн сот жүрүп жатканда сотттолуучунун саламаттыгынын бузулганына да карабай, тастыктоо кагазы колунда турса да, дарыгерлерди сотко чейин сүйрөп, Бишкек шаардык соттору имараттын суук экендигине байланыштуу, жумуштарын кыскартса да көгөрүп үшүп, соттоп отургандыгы, Саляновага жыйынтык отурумда акыркы сөз бербей, айтор, “Өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем” деп иш жүргүзгөң судья Воронцова жогору жактарга жагып,  Жогорку Сотто иштөөгө аракет жасап жаткан экен!

Жогорку сот судьясына талапкер: Кимдин ысымы тааныш?Архарова Кымбат Кадыровна 1968-жылы туулган, Бишкек шаарынын Октябрь районунун судьясы. Соттук иш тажрыйбасы жетишээрлик. Жалаң саясий кылмыш иштеринин сотун алып барат.

Кымбат Архарова саясий өнүгүү кылмыш иштериндеги соттук отурумдарда коомчулукка кеңири белгилүү.  Бул судьянын акыркы  иштерин эле карасак,  Чынара Жакупова,  журналисттер, Нарын Айып, Дина  Маслова ж.б. үстүнөн козголгон кылмыш  иштерин адилет териштирбей, жогору жактардын буйругун кыңк этпей аткарып жатканында мандем бар турбайбы. Ал дагы Жогорку Соттун судьялык ордуна ат салышкандардын бири экен.

Эми Ирина Воронцова менен Кымбат Архарова 46 талапкердин арасынан суурулуп чыгып, жакын арада Жогорку соттун судьясы болуп калса, таң кала көрбөңүз!

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты