Элмирбек Иманалиевден ЫРПЕРИЯ

Элмирбек Иманалиевден ЫРПЕРИЯ“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармония менен биргеликте белгилүү акын, жазуучулардын жана жаш таланттардын поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулоону улантууда.

Кезектеги мындай кече эл ичинде сүймөнчүлүккө ээ болгон, таанымал төкмө акын, манасчы, обончу, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Элмирбек Иманалиевдин чыгармачылыгына арналат. «Ырперия» деп аталган поэзия кечеси 2018-жылдын 23-февралында саат 17.00дө Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын кичи залында болуп өтөт.

Элмирбек Иманалиев 1978-жылы Токтогул районунун Өзгөрүш айылында төрөлгөн. Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетин аяктаган. Эмгек жолун чыгармачыл өспүрүмдөрдүн республикалык “Сейтек” борборунда иштөөдөн баштаган. Кыргыз улуттук филармониясында, Чүй облустук драма театрында эмгектенген. Учурда “Айтыш” коомдук фондунун акындар мектебинин устаты. Бул мектептен кырктан ашуун төкмө акындарды тарбиялап чыгарды жана тарбиялоодо. Учурда көпчүлүк кызыгып көргөн жана акындардын өнүгүүсүндө чоң мааниге ээ “Төкмө келсе төр бошот” берүүсүн даярдап, Коомдук теле-радио берүү корпорациясынан эфирге алып чыгып жатат.

Э.Иманалиев эл аралык жана республикалык бир нече акындар айтыштарынын баш байгесинин жеңүүчүсү. Ал эл ичине кеңири тарап, сүймөнчүккө ээ болгон “Булбулум”, “Аруузатым”, “Билесиңби”, “Балкыма” сыяктуу бир канча обондордун жана ырлардын автору. Кечени акын Мирлан Самыйкожо алып барат.

Бул тууралуу “Роза Отунбаеванын демилгеси” коомдук фондунан билдиришти.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты