Китептин бет ачары:  Уинстон Черчилл “Асти сынбагыла”

Китептин бет ачары:  Уинстон Черчилл “Асти сынбагыла”Эртең, 22-февралда, Бишкек шаарынын “Орион” отелинде “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду Улуу Британия өлкөсүнүн көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери Уинстон Черчиллдин “Асти сынбагыла” аталышындагы китебинин бет ачарын өткөрөт.

Аталган китеп 2017-жылдын аягында жарыкка чыккан. Кыргызча котормосу “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан 2015-жылдан тартып жарык көрө баштаган “Өмүрү өрнөк инсандар” түрмөгүнүн алкагында даярдалды. Китепти Кыргызстандын Улуу Британиядагы мурдагы элчиси Б. Каламбекова которду. Уинстон Черчиллдин мыкты сөздөрүнүн кыргыз тилиндеги тунгуч жыйнагы окурмандардын кеңири чөйрөсүнө арналган.

Бет ачарга КР экс-президенти, “Р. Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү  Р. И .Отунбаева, Жогорку Кеӊештин депутаттары, көрүнүктүү саясат таануучулар, окумуштуулар жана ММК өкүлдөрү катышат.

Иш-чара “Р .Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан уюштурулуп жатат. Китептин жарык көрүшүнө Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилиги көмөк көрсөткөң.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты