Бишкекте Ак калпак күнүнө карата бир тонна бешбармак жасалат

Бишкекте Ак калпак күнүнө карата бир тонна бешбармак жасалат

Бишкекте 5-март – Ак калпак жана улуттук кийимдер күнүнө карата бир тонна бешбармак даярдалат. Иш-чараны «Ак элечек», «Ак калпак» жана «Кыргыз тилектешиги» долбоорлору уюштурат.

Бул тууралуу «Кыргыз тилектештиги» коомунун жетекчиси Элнура Кулуева билдирди.

Анын айтымында, улуттук тамак «Ала-Тоо» аянтында жасалат. Уюштуруучулар иш-чарага Гиннестин рекорд китебинин өкүлдөрүн чакырышты. «Биз уюмга кайрылдык, азыр анын жол-жобосу талкууланып жатат», — деди Кулуева.

Беш бармакты даярдоого меценаттар колдоо көрсөтөт, ал эки күндө жасалат.

Уюштуруучулардын максаты – улуттук салт-санааны жайылтуу.

2015-жылы Астанада 736,5 килограмм бешбармак жасалып, Гиннестин рекорд китебине кирген.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты