Мектепте окуу — жумасына 5 күн болот 

Мектепте окуу - жумасына 5 күн болот 

Жогорку Кеңеш ушул жылдын 10-январында «Билим берүү тууралуу» мыйзамына  өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам кабыл алган. Ага ылайык, Кыргызстандын бардык мектептеринде март айынан баштап жумасына окуу алты күн эмес,  беш күн болот.

Кабыл алынган мыйзам менен «Билим берүү жɵнүндɵ» мыйзамынын 16-беренеси тɵмɵнкүдɵй толукталган: “Менчигинин формасына карабастан, жалпы билим берүү уюмдарында беш күндүк окуу жумалыгы белгиленет”.

Бүгүн, 21-февралда Президент Сооронбай Жээнбеков КР “Билим берүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Мыйзам расмий жарыяланган күндɵн он күн ɵткɵндɵн кийин күчүнɵ кирет.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы маалымат таратты.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты