Салянованын ордуна Кабилова келиши мүмкүн

Салянованын ордуна Кабилова келиши мүмкүнАида Салянованы айыптоо өкүмү  боюнча Бишкек шаардык сотунун чечими БШКга келип, жакын арада Борбордук шайлоо комиссиясы Аида Салянованын депутаттык мандатын алууга киришкени жатат.

Борбордук шайлоо комиссиясына Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянова айыптоо боюнча Бишкек шаардык сотунун чечими келип түштү. Бул тууралуу БШК төрага орун басары Абдыжапар Бекматов  билдирген.

Аида Салянова депутаттык мандатынан ажыратылса, анын ордуна кийинки  талапкер Гүлнара-Клара Самат келээри айтылууда.

Гүлнара-Клара Самат аттуу жаңы ысымдуу саясатчы, аты-жөнүн өзгөртүп алган мурдагы БШК төрайымы Клара Саматовна Кабилова. Ал кезинде Максим Бакиев коркутуп жатат деп өлкөдөн качып кетип, кийин кайтып келген.

“Мандат мага өзүнчө бир абал, өзүнчө статус эмес, элдин көйгөйүн жеткирип турган трибуна. Эгер мени депутаттык мандатыман ажыратса деле  ушул эле жумуштарымды аткара бермекчимин” деген Аида Салянова шаардык сот өкүмүн угузгандан кийин.

Бишкек шаарынын Ленин райондук соту кызмат абалынан пайдаланган деген айып коюп, үй-мүлкүн конфискациялоо менен  Аида Салянованы 5 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Анын 2 жашар кызы болгондуктан, өкүмдү аткаруу жазасы 12 жыл кийинкиге жылдырылган эле.  Бишкек шаардык соту бул өкүмдү күчүндө  калтырган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты