Чек арачылар үйлүү болушту

Чек арачылар үйлүү болушту

Президент Сооронбай Жээнбеков  бүгүн, 20-февралда, Исфана шаарында Чек арачылар үчүн курулган көп батирлүү үйдүн ачылышына катышты.

“Акыркы жылдары мамлекет өз армиясына, чек арачыларга ар тараптан камкордук көрө баштады. Бул иште мурдагы мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин эмгеги чоң” деди  президент.

Мамлекет башчысы кошуна өлкөлөр менен ынтымакта жашап, көйгөйлөрдү сүйлөшүүлөр  аркылуу чечүү керектигин баса белгиледи.

“Алыскы туугандан – жакынкы коӊшу” дегендей, биз коӊшуларыбыз менен ынтымакта жашоону жактайбыз. Биздин чек араларыбыз жакшы коңшулардын, достуктун дарбазасына  айланууга тийиш” деди мамлекет башчы.

Мамлекет башчысы жаңы курулган үйдүн короосунда балдар ойной турган аянтча куруу үчүн 200 миң сомдук сертификатты тапшырып, жаңы батирлерди көрүп, жаңы конуш ээлери менен маектешти.

Маалымат үчүн: Баткен облусунун Исфана шаарындагы 24 батирлүү үйдүн курулушу 2016-жылдын ноябрь айында башталган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты