Президент Сооронбай Жээнбековдун лейлектик, сүлүктүлүктөр менен жолугушуусу

Президент Сооронбай Жээнбековдун лейлектик, сүлүктүлүктөр менен жолугушуусу

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-февралда,  Баткен облусунда болуп, Лейлек районунун Исфана,  Сүлүктү шаарларынын жашоочулары менен жолугушту.

“Аймактардын негизги маселеси бул – социалдык объекттерди куруу, инфраструктураны, ирригацияны өнүктүрүү, калкты таза суу менен камсыз кылуу, жумушчу орун түзүү жана айыл чарба продукциясын сатуу. Бул багыттарда  биз системалуу иш алып барабыз жана ал иштер менин дайыма көзөмөлүмдө болот. Эң башкысы, бюджеттик, гранттык жана инвестициялык каражаттарды натыйжалуу пайдалануу. Ошондой эле жергиликтүү бийликтерге көбүрөөк мүмкүнчүлүк берип, алардын жоопкерчилигин да жогорулатабыз”, — деп белгиледи Президент.

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдө коррупцияга каршы күрөш күчтөнө турганын белгиледи.

“Албетте, бул күрөштө биз бир гана укук коргоо органдарына эле таянбастан, элге, коомчулукка, мамлекеттик эмес уюмдардын күчүнө да таянабыз. Элдик колдоого алынган бул аракетибиз өз жемишин берет деген тилектебиз” деди.

Президент ошондой эле тышкы саясат маселелерине да токтолуп, өзүнүн коңшулаш өлкөлөргө болгон сапары тууралуу айтып берди.

«Көп убакыттан бери чечилбей келген чек ара маселелерин чечүү багытында бир топ алгылыктуу аракеттерге жетише алдык. Биз дээрлик бардык маселелер боюнча Өзбекстан менен бир пикирге келдик. Ошондой эле Тажикстан менен чек ара маселелеринде эки тараптуу сүйлөшүүлөр активдүү жүрүп, жакынкы күндөрү көптөгөн маселелерди чечүүгө жетишебиз. Чек араларыбыз араздашуунун эмес, достуктун негизи болууга тийиш” деп белгиледи Президент.

Жолугушууда жергиликтүү жашоочулар мамлекет башчысына социалдык жана инфраструктуралык объектилерди куруу, жерлерди трансформациялоо, жеңилдетилген насыяы берүү, турак жай куруу үчүн жер тилкелерин берүү, ичүүчү жана сугат суусу менен камсыз кылуу, туризмди жана спортту өнүктүрүү маселелерине байланыштуу суроолорду беришти.

Жергиликтүү тургундардын суроолоруна Президент Сооронбай Жээнбеков өзү жана Мамлекет башчысынын Баткен облусуна жумушчу сапарында аны коштоп жүрүшкөн министрлер жооп беришти.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты