Коррупцияга каршы кызмат: Кандай реформага муктаж? 

Коррупцияга каршы кызмат: Кандай реформага муктаж? 

2018-жылдын 8-февралында Коопсуздук Кеңешинде “КР Сот, укук коргоо жана көзөмөл органдарында коррупцияга каршы күрөшүүнүн актуалдуу маселелери” талкууланып, алар кескин сынга алынгандан кийин,  алгачкы кызматтан алуулар  Улуттук коопсуздук кызматынын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынан башталды. Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын директору Дүйшөнбек Чоткораев Президенттин буйругу менен өз арызынын негизинде кызматынан бошотулду.  

Улуттук коопсуздук кызматында 

“Улуттук коопсуздук кызматы—кол тийбес кастага айланды” деп президент Жээнбековдун  Улуттук коопсуздук кызматынын Коррупцияга каршы кызматы бир айда 1, 5 гана кылмыштын бетин ачканын сындаганы коомчулук тарабынан колдоого алынууда.

“2017-жылы Коррупцияга каршы кызмат (ККК) кызматтык кылмыштарга каршы күрөшүү багытында болгону пара алуунун 22  фактысын  аныктаган. Башкача айтканда, орто эсеп менен бир айда бир жарым факты аныкталган. Өткөн жылда ККК ири жана өзгөчө ири өлчөмдө мамлекеттик мүлктү менчиктеп алуунун болгону 2 гана фактысын далилдеген” деп сындаган мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин 8-декабрдагы жыйынында.

Кечээ, 19-февралда, Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары, Коррупцияга каршы кызматтын директору  Дүйшөнбек Чоткораев өз арызынын негизинде  Президенттин буйругу менен кызматынан  бошотулганы маалым болду.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматында ички ротация жүрүп, бир катар кызматкер, 20 чактысы  жумуштан алынып жатканы  ЖМКда маалымдалууда.

Буга чейин эл арасында УКМКнын, анын Коррупцияга каршы кызматынын ишинин көңүл толорлук болбой келатканы бир далай сындалып келсе да, жыйынтык чыгарылган эмес.  Алардын ишинин жакшы жактары гана белгиленип, урмат-сыйга татыктуу болгондугу да маалым . Узаган 2017- жылдын аягында эле УКМКнын бир катар кызматкери экс президенттин колунан баалуу сыйлыктарды алып,  башчысы генерал-майор деген жогорку чин алганы буга күбө.

Учурда  муз ордунан козголуп, күч структураларынын реформасы, адилет, таза иштөөсү күн тартибине коюлуп, бул багытта чечкиндүү багыт алынганы колдоого аларлык. Ой- пикирлердин арасында Коррупцияга каршы кызматтын өзүнүн статусу кандй болушу керек, ал кайсы мекемеге баш ийиши керек деген көз караштар да басымдуу. Реформалоонун  жүрүшүндө мына ушул жагдайларга да көңүл буруу талабы коюлууда.

Бул жагдайда Коррупцияга каршы кызмат өз ордун таппай жаткандыгы тууралуу, Коррупцияга каршы кызмат Улуттук коопсуздук кызматынын алдында болбошу керек деген  да пикирлер айтылууда. Генерал-майор Артур Медетбеков  Коррупцияга каршы  кызмат өз алдынча кызмат болсун деген оюн кечээ жакында билдирди:

“Коррупцияга каршы кызмат УКМКнын же ИИМдин карамагында эмес, өзүнчө болушу керек. Ал өз алдынча болуп, Жогорку Кеңешке отчет берип,  ачык жана саясатташпаган болсун”   дейт Артур Медетбеков.

Мына ушундай эле ойду генерал-майор Марат Иманкулов да айтты:

“Коррупцияга каршы кызматты УКМКнын курамынан чыгарыш керек, аны же борбор же бюро кылыш керек. Ал өзүнчө болуп, башка мамлекеттик структуралардын ишини жөнгө салып турушу керек” деди М. Иманкулов.

Мына ушундай эле  ойлор мурунку жылдары да айтылып келгендиги белгилүү.

2011-жылдын 14-декабрында  экс-президент Алмазбек Атамбаевдин указы менен Улуттук коопсуздук кызматынын алдында Коорупцияга каршы кызмат түзүлгөндөн кийин   “Ата Мекен”  партиясы билдирүү  тараткан.

Ал билдирүүдө  УКМКнын карамагындагы жалгыз орган Террорчулукка каршы борбор болушу мүмкүн экендиги айтылган.

“Бүгүнкү күнгө чейин Коорупцияга каршы кызмат УКМКнын алдында болушу тууралуу жобо жок” деп айтылган “Ата Мекен” фракциясынын билдирүүсүндө.  Ошондон улам Жогорку Кеңеш депутаттары да Улуттук коопсуздук кызматынын алдында Коррупцияга каршы кызматтын болушу мыйзамсыз деп эсептешет.

“Коррупцияга каршы кызматтын бардык чечимдери легитимсиз деп эсептелип, ал кайра кайтарылышы керек” деп айтылган “Ата Мекен” фракциясынын билдирүүсүндө.

УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын ишинин натыйжасыз болгону, балким анын түзүлүшүнүн туура эместигинен болуп жүрбөсүн?   Коррупцияга каршы кызматтын жаңы жетекчисин дайындоо алдында мына ушул жагдайга да көңүл буруу максатка ылайык болоор.

Башкы прокуратурада 

Улуттук коопсуздук кеңешинин жыйынында мамлекет башчы тарабынан Башкы Прокуратура улуттук координатор боло албай жатканы сынга алган.

“ Башкы Прокуратура коррупцияга каршы күрөштө  улуттук координатор болуп саналат. Бирок, азыркы учурда бул милдетти натыйжалуу аткара албай жатат. Коррупциянын алды- алуу маселесинде дале болсо бирдиктүү аракет болбой, ички карама-каршылыктар, мамлекеттик эмес, ведомстволук гана кызыкчылыктарды коргоо байкалууда” деп айткан мамлекет башчы.

“Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн болгону 1,6 пайызы  боюнча гана сот тарабынан айыптоо өкүмдөрү чыккан, анын ичинен 8 эле иш боюнча айыпталуучу эркинен ажыратылган” деген С. Жээнбеков.

Учурда  Башкы прокуратура күч түзүмдөрүн, Ички иштер министрлигин, Улуттук  Коопмуздук мамлекеттик кызматын, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматын дыкат текшерүүнү баштаганы маалымдалды. Анын ичинде кызматтык, экономикалык жана коррупциялык кылмыштар, мамлекеттик жана муниципалдык менчиктердеги жеп-ичмей текшериле турган болду.

Президент ошондой эле Ички иштер министрлиги, Жаза аткаруу кызматы, Сот системасын да кескин сынга алганы белгилүү. Күч түзүмдөрүнүн жетекчилерин мамлекет башчы кабыл алып, маселе  талкуулап жатат. Кечээ жакында Ички иштер министри Улан Исраиловду кабыл алды.  Бирок бул структуралардын азырынча чечкиндүү кадамдарга барганы байкала элек.

“Өз тармагыӊарды оӊдоп, ишти тартипке келтиргиле. Силерге дагы бир мүмкүндүк берип жатам. Бирок, мөөнөт кыска болот, жыйынтыктарды создуктурбай чыгарабыз. Менин талаптарым катуу болот» деп Коопсуздук Кеңешинде сөзүн жыйынтыктаган президент Сооронбай Жээнбеков.

Коомчулук президенттин “Эрдик кылса, баса жасашын” майда чабактарды эмес, жогорку кызматты ээлегендердин жоопкерчилигинин каралышын, керек болсо кызматтан алынышы тууралуу талап коюп жатышат.

Канткен менен муз ордунан козголду. Коомчулук чечкиндүү кадамдарды күтүп турган чагы.   

Айжан Айтышева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты