Камакта ачкачылык жарыялаган үч саясатчы суу иче баштады

Камакта ачкачылык жарыялаган үч саясатчы суу иче баштадыКамакта ачкачылык жарыялаган үч саясатчы суу иче баштады. Бул тууралуу бүгүн Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлү Элеонора Сабатарова билдирди.

— Үчөөнүн тең абалы жакшы эле, канааттандырарлык, суу иче башташты. Медицина бөлүмү жазып берген дарыларын алып жатышат. Доктурлардын көзөмөлүндө. Экөө №1 тергөө абагына которулган. Асанов болсо мурда операция болгонун, ден соолугун эске алуу менен №47 колонияда калтырылган.

Оппозициячыл саясатчылар Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков жана Кубанычбек Кадыров «Бийликти күч менен басып алууга аракет кылган» деген айып менен 2016-жылы камалган. Райондук жана шаардык сот Асанов менен Карыбековду 12 жылга, Кадыровду 20 жылга кескен. Алар өздөрү күнөөсүз экенин айтып, УКМКнын жетекчиси кызматтан кетишин, сот адилеттигин талап кылып 30-январдан тарта «кургак ачкачылык» баштаган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты