Журналист  Эльнура Алканова үч жылга чейин эркинен ажыратылганы турат

Журналист  Эльнура Алканова үч жылга чейин эркинен ажыратылганы турат“24 кg” агенттигиндеги басма сөз жыйынында кылмыш иши козголуп жаткан журналист Эльнура Алканованын жактоочусу Жыргал Бабаев Алканованын үч жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн экенин билдирди.    

Жактоочу Жыргал Бабаевдин айтуусунда,  Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы  журналист Эльнура Алкановага кылмыш ишин козгоду. Алканова “Маалыматты мыйзамсыз алган”, “Банктык же коммерциялык сырды  ачыктаган” деген беренелер менен айыпталууда. Бул беренелер боюнча үч жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Адвокаттын айтуусунда, кылмыш иши негизсиз козголгон.  Эгер прокурор компетенттүү болсо, ал ишти токтотууну талап кылып, кайра кайтарат. Алканованын банктык  же коммерциялык сырды ачыкка чыгарганы далилдениши, эксперттик корутунду болушу керек. Олуттуу далили жок туруп,  ага кылмыш ишин козгоп жатышат.

Журналист Алканова  өз материалында Максим Бакиевдин коттедждери кимдин колуна өткөндүгүн жана мамлекетке кеминде 10 млн доллар зыян келтирген  бул чуулгандуу иштин артында ким тургандыгын иликтөөгө алган. «Ала-Арча» резиденциясына жакын жердеги 48 коттедж 12,4 гектар жери менен аукцион аркылуу 142 миллион сомго сатылганын билдирген. Бул боюнча иликтөө жүргүзгөн журналист Эльнура Алканова мүлктү сатууда мыйзамсыз иштер болгонун жазган.

Буга чейин Журналисттерди жактоо боюнча эл аралык комитети (CPJ) Кыргызстандын бийлигин журналист Эльнура Алканованы күнөөлөгөндү токтотууга чакырган.

Журналисттерди коргоо эл аралык уюмунун Билдирүүсүндө Эльнура Алкановага коюлган айыптын саясий себеби бары, бул анын иликтөөлөрүнө тиешелүү экендиги айтылат.

Комитет Кыргызстандын бийлигин “Алканованын ишин токтотууга, анын репрессиядан коркпой, өз ишин улантууга мүмкүнчүлүк берүүгө” чакырган.

Журналист коомчулукка кайрылып, бул кылмш ишинин чын-төгүнүн чогуу талдоого алууга чакырды.

Айжан Айтышева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты