Жогорку Кеңеш спикери Казакстанда кармалган депутаттын ишин тергөөгө кийлигишпейт

Жогорку Кеңеш спикери Казакстанда кармалган депутаттын ишин тергөөгө кийлигишпейт

Жогорку Кеңеш жана парламент төрагасы Казакстанда кармалган депутат Асылбек уулу Дамирбектин ишин тергөөгө кийлигишпейт. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу билдирди.

Анын айтымында, бул Жогорку Кеңештин ишмердиги менен байланышы жок иш.

“Эгер депутатка кылмыш иши козголсо, тергөө болуп жатса ага Жогорку Кеңеш жана төрага аралашпайт. Регламент боюнча депутаттын айыбы далилденсе, өзү жооп берет”, — деди Ибраим Нуракун уулу.

 

36 жаштагы Дамирбек Асылбек уулу Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынан депутат болгон.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты